Ахматбек Келдибеков 10-августта Бишкек-Стамбул каттамы менен чет өлкөгө чыгып кетти

Бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматы "Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков 10-августта Бишкек-Стамбул каттамы менен чет өлкөгө чыгып кетти" деп билдирди. 
Соттук отурумдун жүрүшүндө Ахматбек Келдибековго Германияда операция жасалышы керектиги айтылган эле. Учурда Малайзиядагы ооруканада дарыланары айтылууда. Азыркы тапта депутаттын кайсы өлкөдө экени боюнча так маалымат жок.  
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын ден соолугуна байланыштуу ага карата козголгон кылмыш ишин убактылуу токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Башкы прокуратура Биринчи Май райондук сотунун чечимин негизсиз деп таап, чечимди жокко чыгартуу максатында шаардык сотко арыз жолдогон.

Эске салсак, "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган Келдибеков өткөн жылдын ноябрь айынан бери камакта болчу. Бул аралыкта ал буту жана колунан төрт жолу операция болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан