Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы "Мамлекеттик кепилдик" программасы боюнча камсыздоо полисине ээ жарандарга медициналык, санитардык көмөк көрсөтүүгө келишим түзгөн жеке медициналык тейлөө көрсөтүүчүлөрдүн санын жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө. Анда саламаттык сактоо тутумундагы көптөгөн жеке түзүмдөрдүн "Мамлекеттик кепилдик" программасынын алкагында медтейлөө көрсөтүүчү катарында катышууга болгон умтулуусу жоктугу айтылды.
Белгилүү болгондой, учурда катталган калктын маалыматтар базасын инвентаризациялоо иши жүрүүдө. 2014-жылдын 1-июлуна карата үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 5 4431,4 миң адам катталып, анын 4 051,2 миң жараны камсыздандырылган.
Фонддун врач-эксперттери тарабынан медициналык тейлөө сапатын экспертизалоо жүргүзүлүп турат. Тактап айтканда, 2013-жылы республика ооруканаларына 2106 негизсиз жайгаштыруу болгондугу аныкталган, бул 2013-жыл үчүн жалпы дарыланып чыккандардын 0,23 пайызын түзгөн. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында ооруканага 715 негизсиз жайгаштыруу орун алып, ал жалпы дарылангандардын 0,16 пайызын түзөт. Ар бир окуяга карата финансылык санкциялар салынган.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева фонддун төрайымына алдыга коюлган максат-милдеттерди өз убактысында аткаруу зарылдыгын айтты.