"Дом мечты" компаниясы тез арада заманбап үй куруп, каражат үнөмдөөнү сунуштайт

Үй курууда курулуш материалдарынын көп түрдүүлүгүн эске алып, көп варианттарды айтууга болот. "Кыштан курулган үйлөр сапаттуу" деген пикир салттык түрдө калыптанып калган. Бирок мында да бир нече кемчиликтер бар. Алар:

1. Курулуштун кымбат баага бүтүшү (чарчы метри 500-700 доллар);

2. Курулуштун жай ылдамдык менен жүрүшү;

3. Үйдү колдонууга берүүдөгү чыгашалардын көптүгү, жылуулатуу маселелери;

4. Жер титирөөгө туруштук берүүсү.

Жеңил болоттуу, ичке дубал конструкцияларын колдонуп турак үй куруу бардык кемчиликтерди жөнгө сала алат. Бул Европа, Америка жана Азия мамлекеттеринде кеңири таралган. “Дом мечты” компаниясы эки жылдан бери бул тармакта иш алып барып, бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда да ишмердүүлүгүн жайылтып келет. Бул убакыт аралыгында 100дөн ашуун объект бүткөрүлдү. 

Жеңил болоттуу, ичке дубал конструкциялары 9 баллга жеткен жер титирөөлөргө туруштук бере алат. Компания имараттарды жылытуу үчүн пенополиуретанды колдонууда каражатты 60 пайызга чейин үнөмдөөгө шарт түзөт. Курулушта өрт коопсуздугун сактаган, экологиялык таза материалдар колдонулат. Орто эсеп менен сиздин кыялыңыздагы үй 3 айдын ичинде, чарчы метри 280 долларга бүтөт. 

Сурап-билүү телефону: (0312), (0779), (554) 31-40-51. Ошондой эле компаниянын расмий сайтынан кеңири маалымат алууга болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Мэри
2014-08-14 14:58:30
Кыштан жасалган үй жылуу, коркунучсуз, анан тез бүтөт дешет го, ал канча жылдан бери сыналган да.
А бул үйдүн сапатын айтыш үчүн биринчи жашап көрүш керек го. Анан тез бүтөт деп эле арыдан бери сала койсо болмок беле...
+1
tolkun85
2014-08-14 15:03:06
озунун товарын жарнама кылуу менен башка атаандашын кемсинткен болбойтко.кайсынысы мыкты екенин эл таразалап алат убакыт отушу менен.
0
Bella-life
2014-08-14 15:45:41
Албетте бул жерде конкуренция биринчи орунда турат.
Кыш эмес сокмо м.н деле тээ атам заманда курулган уйлор азыр да турат.
Летний коттедж катары колдонсо мейли бирок бизде уй салсак аны 50 жылдан ашык колдонобуз,
Ошондуктан капчыкты аябай кирпичтен гана тургузганыбыз пайдалуу.
+1
tairbek.
2014-08-14 16:46:05
квадрат метри 280доллар болсо 120квадраты 33600доллар болсо андан коро кирпичтен салган жакшыго?
+1
burger
2014-08-15 09:11:57
tairbek.,$33600 уй бутпойт.. $20 000'ге кухня салдым, ичи дагы деле бутпой турат. Суу тартып, мебель, эшик-терезе, электричество, отопление, интерьер жасала элек. Эми элестете бер уйдун расходун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан