Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары сугат жана таза суу менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бүгүн, 14-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү депутаттар сугат каналдарын, канализациялар менен суу сактагычтарды тазалоо багытында каражат бөлүү зарылдыгын баса белгилешти.

Андан сырткары жергиликтүү тургундар балдардын жөлөк пулдарын өз маалында төлөө, жеке менчикке сатылып кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу, Баатыр эне орденине көрсөтүү, декреттик төлөмдөрдү алуу жол-жоболору жаатындагы суроолоруна жооп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан