Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эске алганда) 53 миллиард 752,1 миллион сомду түзүп, план 91,5 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 48 миллиард 839,7 миллион сомду түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы чыгашалар 4 миллиард 912,4 миллион сомго же 10,1 пайызга көбөйдү.
2014-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 40 миллиард 122,2 миллион сом каржыланды же 42 миллиард 318,5 миллион сом суммасындагы план 94,8 пайызга аткарылды. 2013-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда 12,1 пайызга же 4 миллиард 330,5 миллион сомго көбөйдү.
2014-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттен чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 4 миллиард 93,9 миллион сом каржыланды же 4 миллиард 767,7 миллион сом суммасындагы план 85,9 пайызга аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 389,3 миллиард сомго азайды.