Токмокто дыйкандарга дан эгиндеринин түрлөрү көрсөтүлдү

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Токмоктогу Мамлекеттик сортту сыноочу участоктун абалын талкуулаган семинарга катышты. Анда 1 гектар аянттагы төө буурчактын 10 түрү, буурчак - 5, таруу - 3, жүгөрүнүн 10 түрү көрсөтүлдү. 

Иш-чаранын максаты - дыйкандарга кеңеш берүү, шарт түзүү жана Чүй облусунда төө буурчакты айдоо менен көп түшүм алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. 

Семинарга Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунан келген 100дөн ашуун дыйкан жана жергиликтүү бийлик органдары катышышты. Бул тууралуу 15-августта Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан