Өкмөт Ош облусунун Кең-Сай жана Ачы конуштарындагы курулуштар үчүн 22 миллион доллар бөлдү. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгону белгилүү болду. Документ менен аталган эки конушту өздөштүрүү жана өнүктүрүүгө иш-чараларды өткөрө турган мамлекеттик органдар аныкталып, каражат төмөнкү багыттарга жумшалмакчы:
4 миллион 450 миң доллары Кең-Сай конушунун аймагын өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги иш-чараларды өткөрүүгө;
440 миң доллары Ачы конушун өнүктүрүү иш-чараларына;
3 миллион 110 миң доллары аталган конуштарга көмөк чордондорду орнотууга;
12 миллион 870 миң доллары Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна жана долбоор-сметалык документтерин даярдап чыгууга;
1 миллион 130 миң доллары Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштерин каржылоого.