Эки жактуу салык төлөөнү жөнгө салууну Кыргызстандын жана Бангладештин өкмөт өкүлдөрү талкуулашты

18-20-август күндөрү КРнын Экономика министрлигинде эки жактуу салык төлөбөө боюнча Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Республикасынын Өкмөттөрү аралык макулдашуу долбоорунун биринчи туру болуп өттү. 
Үч күндүк сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар макулдашуунун негизги бөлүгү боюнча бир чечимге келишти. Ал эми жыйынтыктоочу макулдашууну талкуулоо Дакка шаарында өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Белгилүү болгондой, учурда жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Бул эки жактуу салык төлөөнүн алдын алууга багытталган. Ошондой эле макулдашуулар өлкө экономикасы үчүн өнөктөштөрдү жана инвестицияларды тартууга багытталган.
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан