Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ак-Өргөө, Ак-Босого жаңы конуштарын таза суу менен камсыз кылуу долбоору 2012-жылы тийиштүү макулдашуу ратификациялангандан кийин ишке ашырыла баштаган. Жалпы суммасы 320 миллион сомго эсептелген долбоор 2015-жылдын июнь айында аяктоого тийиш. Курулушчулардын күжүрмөн аракеттеринен улам аталган долбоор 6 айга эрте бүткөрүлүшү күтүлүүдө.
Азыркы күндө Арча-Бешик, Ак-Босого, Ак-Өргөө жаңы конуштары Орто-Алыш суу топтоп коё берүүчү жайынан келген суудан ичишет. Бирок андан чыккан суунун көлөмү жетишпей, жалпы эле шаар калкын таза суу менен камсыз кылууда маселелер жаралууда. Ошондон улам жаңыдан курулуп жаткан таза суу долбоору мына ушул маселелердин чечилишине шарт түзөт.
Шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун кандайча ишке ашып жатканы менен таанышуу максатында барган депутат Абдыманнап Кутушев Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери, курулушчулар менен баарлашып, иштин жүрүшүнөн кеңири маалымат алды.
Шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча макулдашуунун өз мөөнөтүндө ишке ашырылып жатканына күбө болгон эл өкүлү иштин жүрүшүн ийне-жибине чейин иликтеп-сураштырып, курулушчулардын ишине канааттангандыгын билдирди. Бул тууралуу 21-августта ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.