Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 21-августта чек ара чатактары боюнча Ош шаарында жыйын өткөрдү. Анда өлкөнүн түштүгүндөгү коомдук-саясий кырдаал да талкууланды. Министрликтердин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан жыйында вице-премьер өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу экенин билдирди. Анын маалыматына таянсак, 2014-жылдын 7 айында өлкөдө 328 митинг өткөн, былтыр бул сан 551ди түзгөн. "Бул кубантпай койбойт, анткени көпчүлүк жарандар ар кандай чагымчыл аракеттерди колдоо туура эмес экенин түшүнүштү. Айрым саясий жана коомдук ишмерлер жакындарын митингге топтоп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына жетүүдө аларды курал катары колдонуп жатканы сыр эмес",- дейт Маматалиев.
Өкмөт өкүлү митингдер өлкөдөгү туруктуулукту бузуп гана эмес, инвестициялык климатка да терс таасир тийгизерин айтып, ар кандай акцияларды жөнгө салуу иштерин жандантууну бардык мамлекеттик органдарга тапшырды.