1-сентябрдан тарта үч фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйынга чейин жогорулайт

2014-жылдын 1-сентябрынан тарта үч фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйынга чейин жогорулайт. Тийиштүү буйрукка Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин башчысы Миргүл Айдарова кол койду. Бул тууралуу 20-августта Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Документке таянсак, бир фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 70 тыйын бойдон калат. Бул баалар 2015-жылдын 1-апрелине чейин деп бекитилип, мындан кийин инфляцияга байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан