2014-жылдын 21-августунда президент Алмазбек Атамбаев Хиросима шаарындагы жер көчкүнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты. Муну президенттик аппарат кабарлады.
Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди.