ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова: “Кыргызстандын демократиялык системи биз үчүн өтө чоң мааниге ээ”

ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова бүгүн, 26-августта "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан брифингде "парламенттик демократия биз үчүн өтө чоң мааниге ээ" деп билдирди.

Ал ЮНЕСКО Кыргызстандын демократия жолуна кызыкдар экенин айтып: Биз Кыргызстан менен бир топ жылдан бери активдүү иштешип келебиз. Кыргызстан - эгемендүү, эркин мамлекет. Мен кыргыз элин сыйлап-урматтайм. Кыргызстанга биринчи ирет келип жатсам да, табиятынын кооздугу, элинин меймандостугу кызыктырчу”,- деди Бокова.

Ошондой эле ал Кыргызстандын ЮНЕСКОнун кароосуна кирген Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек жолунун тутумунда жаткан байыркы шаарлар Суяб, Баласагын, Невакатка токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан