Президент чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди

Бүгүн, 26-августта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Райимберди Дүйшөнбиев өлкө башчыга 25-августта кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу инциденттин бардык жагдайлары, ошондой эле кырдаалды стабилдештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Мамлекеттик чек ара кызматына кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан