Эртең, 27-августта Өкмөт үйүндө биометрикалык жабдыктар коомчулукка көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына өкмөт аппаратынан билдирди.
Маалым болгондой, биометрикалык жабыктардын 100 даанасы Кыргызстанга алынып келинген. Калган 900 даанасын германиялык "Гизеке энд Девриент” компаниясы эми алып келет. Жабдыктардын ачылышы эртең өтүп, 28-29-августта өзүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырууну ЖКнын спикери, вице-спикерлер, 5 партиянын лидерлери, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, Жогорку Соттун судьялары, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын губернаторлору тапшырат.
Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан тарта таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.