Баткен эли чек ара, көмүр, электр энергия маселесин чечип берүүнү өтүнүүдө

Бүгүн, 26-августта Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, район активдери менен жолугушту.

Анда тургундар чек ара маселесин, алдыдагы кышта чек арага танапташ жайгашкан айылдарда электр кубатын үзгүлтүксүз берүү маселесин коюшту. Ошону менен катар Баткен облусунда бүгүнкү күндө тоннасы 17 миң сомду чапчыган көмүрдүн баасын жөнгө салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Пенсия, жөлөк пул маселелери менен кошо сууну натыйжалуу пайдалануу максатында тамчылатма сугат үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү, Айгүл тоосуна ар жыл сайын фестиваль өткөрүү менен туризмди өнүктүрүүнү колго алуу жагы да белгиленди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан