Кочкор районунун акими ээлеген кызматынан кетти

Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, район акими жана акимдин орун басарлары чогулушту. Анда Шералиевдин кетүүсү боюнча өкмөттүн токтому тааныштырылды. Чогулушта экс-аким өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткенин айтты.

Акимдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Нурлан Керимкулов иш алып барууда. Шералиев бул кызматты 2012-жылы аркалай баштаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан