Бүгүн, 27-августта Орусиянын "Газпром" ишканасынын төрагасы
Алексей Миллер КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев менен жолугат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.Миллер Кыргызстанда канча күн болот жана жолугушууда кандай маселелер каралары азырынча белгисиз.
Айта кетсек, буга чейин "Газпромдун" төрагасы 2014-жылдын 10-апрель жана 29-апрель күндөрү Кыргызстанга келип, премьер-министр
Жоомарт Оторбаев менен жолуккан. 10-апрелде алар “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ААКысына өткөрүү боюнча келишимге
кол коюшкан болсо, 29-апрелде Кыргызстанды жаратылыш газы менен камсыз кылуу тармагында сүйлөшүүлөрдү
жүргүзүшкөн.