Нариман Түлеевди абактан чыгаруу боюнча коргоо комитети түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди абактан чыгаруу боюнча коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-августта “Теңир-Тоо” ынтымак коомунун өкүлү Урмат Акунов кабарлады. Айтымында, 26-августта Нарын районунун Эмгекчил айылында атайын жыйын болуп, анда Түлеевди абактан чыгаруу маселеси көтөрүлдү.

Түлеевди абактан чыгаруу боюнча жыйын куруп, комитет түздүк. Комитет курамына 7-апрель окуясынын Баатырлары, Нарын, Талас облустарынан активдүү жарандар кирди. Биз эми алдыдагы жасай турган иш пландар тууралуу сүйлөшүп, ошого жараша иш аткарууга киришебиз”,- дейт Акунов.  

Айта кетсек, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан