Нариман Түлеевдин жактоочулары жол тосууга чыгышат

Абакта жаткан депутат Нариман Түлеевдин тарапташтары жол тосууга чыгышат. Бул тууралуу тарапташтарынын бири, “Теңир-Тоо” ынтымак коомунун төрагасы Урмат Акунов 27-августта SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, Түлеевди ден соолугуна байланыштуу ооруканага которушпаса, экс-мэрдин тарапташтары 10-сентябрдан тартып Нарын унаа жолун тосушат.  

“Биз учурда бул маселенин тегерегинде сүйлөшүп жатабыз. Наримандын ден соолугу начарлап баратат. Тез арада аны онкологиялык ооруканага чыгарыш керек. Бул талабыбыз аткарылбаса, 10-сентябрда Нарын жолун тосуп чыгабыз. Бишкекке барбайбыз, президент Алмазбек Атамбаевдин өзүн элдин талабын угууга бул жакка чакырабыз. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго айтсак, ал "президентке талабыңарды жеткире албайм, өкмөт башчыга жеткире алам" деп жатат”,- деди Акунов.

Ал эми жол кайсы убакка чейин тосулуп турары бийликтин Нариман Түлеевге жасаган аракетине жараша боло турганын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан