Бүгүн, 27-августта Бишкекке Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган делегация келе жатат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тажик делегациясы эки тараптуу маселелерди кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна катышат.
Эртең, 28-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында аталган комиссиянын кезектеги 13-отуруму өтөт. Анда кыргыз жана тажик комиссияларынын мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин, мекемелердин жана өнөр жай ишканаларынын жетекчилери катышмакчы.
Комиссиянын иши КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилигинин астында өтөт.