Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнү белгиленет
Бишкек шаарында 14-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Басма сөз кызматынан кабарлашты. Диабетке каршы күрөшүү күнү 1991-жылдан бери белгиленип келет. Борбор калаада аталган ооруга каршы күрөшүү күнү флешмоб, конференция жана башка иш- чаралар пландаштырылган. Маалыматка ылайык, ар бир 7 секунд сайын бул оорудан дүйнөдө бир адам каза болот.