Бүгүн парламенттеги фракция лидерлери жана депутаттар биометрикалык маалыматтарын тапшырышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин имаратында парламенттеги фракция лидерлери биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Маалымат тапшырууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ата Журт” фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошова, “Ар-намыс” фракциясынан Феликс Кулов, “Республикадан” Максат Сабиров катышты. Андан сырткары парламенттеги беш фракциянын айрым депутаттары келишти. Төрага Асылбек Жээнбеков менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков келген жок.

Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан тарта таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан