Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Түркиянын жаңыдан шайланган мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышуу үчүн Анкара шаарына келип конду. Салтанатка бир катар өлкөнүн башчылары да чакырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын 12-президенти болуп калат. Ал буга чейин өкмөт башчылык кызматты аркалап келген.