Кыргыз жана тажик элинин өз ара катташуусу жөнүндө өкмөт аралык келишим долбоорлорун даярдоо сунушу айтылды

Бишкекте 28-август күнү кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын 13-жыйыны орун алды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги астында өттү.

Анда вице-премьер-министр суу пайдалануу маселеси боюнча тармак аралык биргелешкен иштиктүү комиссия түзүлгөнүн, ал маселелерди ыкчам карап чыгып чечим кабыл аларын айтты. Анын айтымында, комиссия тарабынан Кыргызстан жана Тажикстан аралык суу ресурстарын пайдалануунун эки тараптуу маселелерин кароо боюнча жобо кабыл алынган.

Ага катар бүгүнкү күнгө карата инвентаризациялоо иши өткөрүлгөндөн бери көп жыл өтсө да, тараптар аркылуу Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы жана Тажикстан Республикасынын Кыргызстан аймагында жайгашкан объектилеринин макамын аныктоо маселеси аткарылбаган бойдон калууда.

Буга байланыштуу А.Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жана Тажикстан Республикасынын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине аталган маселени кароону жана укук менчигин өз ара таануу тууралуу келишим долбоорун макулдашуу процессин тездетүү боюнча тапшырма берүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайлоолорду ижарага берүү жана эки өлкө жарандарынын өз ара катташуусу жөнүндө өкмөт аралык келишим долбоорлорун даярдоо, кароо жана ага кол коюуну тездетүү сунушу берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан