Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-августта стипендия алып жаткан студенттерди куттуктап жатып Кыргызстанда жылына билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттен 20 пайыз каражат жумшалып жатканын айтып, мындай мамиле дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок экенин билдирди.
“Албетте, президенттин стипендиясын алууга бүгүн 200 миңден ашуун студенттин ичинен сиздер гана келип жатасыздар. Бирок бул өтө аз сан. Өтө чоң жарыш болгону байкалып турат. Бул ийгилигиңиздер кут болсун. Келечекте Кыргызстандын атын чыгарган эл башкаргандардан болуңуздар”,- деди президент Атамбаев.