MegaCom: "Like" тарифи сага жагат!

Facebook, Одноклассники, What's App, Инстаграм, Twitter, В контакте, Mail.ru Agent, Мой Мир социалдык тармактарынан активдүү пайдаланасыңбы? Анда MegaCom компаниясынын "Like" жаңы тарифтик планы сен үчүн! Күнүнө болгону 5 сом 95 тыйын төлөп, социалдык тармактар үчүн бир айга 600 мегабайт, түйүн ичинде 600 мүнөт жана 600 SMS`ке ээ болосуң.

Бул тууралуу компаниянын Маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев: "Биз өз абоненттерибиздин жашоосунун жөнөкөй, ошол эле учурда кызыктуу да болушун каалайбыз. Баарлашуубуздун басымдуу бөлүгү интернет желеси аркылуу өтүп жаткан шарттарда "Like" жаңы тарифи бүгүнкү күндүн талаптарына толук жооп бере алат. Жаңы тарифтен колдонгон ар бир абонент өзүнө керектүүсүн таба ала тургандыгына ишенем",- деп белгиледи.

Кызматтардан колдонууда акысыз берилген көлөмдөн ашыкча пайдаланган болсоң, түйүн ичиндеги SMS жана баарлашуунун 1 мүнөтү үчүн болгону 0,5 сом, ал эми интернет трафиктин 1 мегабайты үчүн болгону 1,95 сом төлөйсүң.

Жаңы тарифти кошуу MegaCom`дун бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү. Өтүү үчүн *303*37*1# (өтүү наркы 60 сом) кыска буйруусун терүү керек. Башка операторлордун абоненттери "Like" тарифинин комплектин MegaCom компаниясынын Тейлөө жана сатуу борборлорунан же каалаган фирмалык салондорунан алса болот.

"Like" тарифи тууралуу толук маалымат компаниянын расмий сайтына жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
oneulutman
2014-08-29 17:22:00
гана баарынар бирден Like басып койгулачы, эгер super.kg сайты жакса)
+2
love8994
2014-08-29 19:50:19
en jakwu
0
o.aza
2014-08-30 01:41:06
А Андроид программада 600мегабайтты 10кундо эле иштетип койосунго
0
piramida
2014-08-31 10:42:09
Мен 3 ГБ тты 15 кундо еле тынчытам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан