АКШнын президенти Барак Обама өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Куттуктоонун тексти:

“Өлкөлөрүбүз достукка, өз ара урматтоого жана тынчтыкка, жалпы гүлдөп-өнүгүүгө умтулуунун жалпы баалуулуктарына негизделген бекем жана туруктуу мамилелерди түздү. Кыргыз Республикасынын демократияга өтүшү жалпы регион үчүн модель болуп саналат, демек, Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы демократиялык институттарды бекемдеген сайын колдоосун уланта бермекчи” деп белгиленет куттуктоодо. Президент Барак Обама мындан ары биргелешип иштешүүгө жана Кыргызстан-Америка өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан