Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев №13-орто мектептеги жаңы окуу жылына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты

Бүгүн, 1-сентябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Бишкек шаарындагы №13-орто мектепке барып, жаңы окуу жылына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Балдарды Билим күнү менен куттуктоодо вице-премьер илим-билимдүү, өз алдынча ой жүгүртө алган, өз ишинин адискөйлөрүн жана чеберлерин талап кылган мезгил келе жаткандыгын белгиледи. “Эгерде сиздер максатка жетүүнү кааласаңыздар, ар дайым умтулууда болуп, билим алууга аракеттенүү керек”,- деди ал.

“Жалпыңарга билим алуудагы ийгиликтерди, алдыга койгон максаттардын аткарылышын жана мектептеги активдүү жашоону каалайм. Талыкпастан, алга карай аракеттене бергиле»,- деди А.Маматалиев.

Вице-премьер-министр мугалимдерге да өзгөчө каалоолорун билдирип, аларга өз милдеттерин аткаруудагы чыдамкайлыгы жана тарбиялануучуларына берген мээрими үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан