Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы автоунааларга салык төгүүнүн мөөнөтү бүгүн, 1-сентябрда аяктай турганын эскертет. 2-сентябрда биринчи топтогу мүлктөргө (үй, батир) жана эгин талаалары үчүн жер салыгын төлөө мөөнөтү бүтөрү айтылат. "Төлөнбөгөн сумма үчүн туум төлөө жана административдик жоопкерчилик тартпоо үчүн бардык авто жана үй, жер ээлерин салыктын эсептелген суммасын төлөөгө жетишип калууга чакырабыз" деп айтылат маалыматта.
Салык төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин салыктан качкандар үчүн МАИ кызматкерлери менен бирге рейддер уюштурулуп, үйлөргө тинтүү жүргүзүлөт. Аларга 2 миң сом айып пул салынмакчы.