Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады. Куттуктоодо илим-билимдин орду баса белгиленет.
"Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Билим күнү – жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!
Өлкөбүздө билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы бекеринен эмес. Кыргызстандын бакубат келечегин түптөө жаштарыбызга татыктуу билим берүү, илимдин алдынкы жетишкендиктерин жана жаңы технологияларды өздөштүрүү менен тыгыз байланышкан.
Коомдун интеллектуалдык ресурсун өнүктүрүү биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү. Келечек ээлерине жетиштүү билим менен кошо татыктуу таалим-тарбия берип, талыкпай эмгектенип келаткан устаттарыбызга чын ыкластан алкыш айтабыз.
Билим жолу – татаал, бирок баарыбызга илгери үмүт байлаган бакубат жол. Жолуңуздар шыдыр болсун! Жараткан алдыга койгон ой-максатыңыздарды орундатсын. Сиздер менен өнүккөн Кыргызстанды курабыз! Дагы бир ирет Билим майрамыңыздар менен!"- дейт спикер.