Жакында "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер өткөрүүнүн жол-жобосу бекитилет

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 1-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча журналисттер үчүн брифинг өткөрдү. Айта кетсек, 29-августта өкмөттөн тийиштүү жарлык чыгып, аны менен аталган долбоор боюнча тендердик комиссиянын курамы аныкталган. Комиссия курамына министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардан депутаттар, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери жана башкалар кирип, комиссияны ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектейт.  
Жакында Ички иштер министрлиги (долбоордо мамлекеттик өнөктөш) тендерди өткөрүүнүн жол-жобосу бекитилип, комиссиянын жыйынында тендер жарыяланарын маалымдады. Айта кетсек, долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан