Бүгүн, 1-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен депутат Ташполот Балтабаев Баткен облусунун Ак-Турпак айылындагы Балтабай Нуралиев атындагы орто мектептин салтанаттуу жыйынына катышышты. Муну парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Депутаттар окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуудагы жетишкендиктерди, ден соолук каалап, жаңы окуу жылында жагымдуу, таасирдүү, эсте каларлык окуялардын болушуна тилектеш экендиктерин билдиришти. Иш-чаранын алкагында депутаттар мугалимдер жамааты менен билим берүү тармагындагы маселелер тууралуу пикир алышып, алардын сунуштарын угушту.