Таласта чек ара казыктарын орнотуу ишин үзгүлтүккө учураткандарды 10 күндүн ичинде жоопко тартуу тапшырмасы берилди

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 31-август күнү Таласка иш сапары менен барып, аймактык күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту. Кеңешмеде аймактагы коомдук-саясий кырдаал, кыргыз-казак чек арасындагы демаркация иштеринин үзгүлтүккө учурашы талкууланды. ОИИБ жана УКМКнын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин маалыматын уккан вице-премьер чек ара түшүнбөстүгү боюнча ишти териштирип, 10 күндүн ичинде күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди. "Мыйзамдуулукту камсыздап, жарандарды мыйзамга каршы аракеттерге чакыргандарды жоопко тартуу керек",- дейт өкмөт өкүлү.  
Эскерте кетсек, өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуусу менен кыргыз-казак чек арасынын Кара-Буура районундагы аймагында чек ара казыктарын кайрадан орнотуу чечими кабыл алынган. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгы менен бул иштер үзгүлтүккө учураган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан