Кыргызстанда учурда 580,8 миң пенсионер бар. Социалдык фонддун маалыматына таянсак, өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 4432 сомду түзүүдө. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсия берүүдө мекеменин карызы жок. 2014-жылдын 1-январына карата пенсия, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эсепке алганда 29 миллиард 31 миллион 969 сомдук каржылоо болгону айтылат маалыматта.