Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн Дене тарбия жана спорт агенттиги кошумча 16 миллион сом бөлдү

“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң сыноо, андыктан саясатты токтотуп, уюштуруу иштерин биргеликте чечишибиз зарыл. Баары кыска мөөнөттүн ичинде жасалып жаткандыктан, өзгөчө курулуш иштеринин сапатына көңүл бурушубуз керек". Муну парламент депутаты Каныбек Осмоналиев билдиргенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Депутат Чолпон-Ата шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө болгон даярдыктардын жүрүшү менен таанышып чыккан.

Өкмөт тарабынан 52 миллион сом, Дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктигинин жеке фондунан кошумча 16 миллион сом бөлүнгөнү айтылды. 

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 9 түрү – кыргыз күрөшү, алыш күрөшү, ордо, тогуз коргоол, эр эңиш, көк бөрү, кунан чабыш, жорго салыш, ат чабыш кирген. Байге фонду 15 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан