Өзгөчө кырдаалдар министрлиги министрликтин кызматкерлеринин арасында өткөн "КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мыкты кызматкери" сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Мекемеден билдиришкендей, сынак кызматкерлердин мыктыларын аныктоо, кызматкерлерге дем-күч берүү максатында уюштурулган. Ага катышуу үчүн 15 адамдан кайрылуу түшүп, 7 талапкер тандалганы айтылды. 1 адам катышуудан баш тартып, сынакта 6 адам ат салышкан. Катышкандар:
Асел Токтакунова, башкы адис;
Чынара Жумакадырова, куткаруучуларды даярдоо кафедрасынын башчысы;
Иван Панин, башкы адис;
Ташполот Беккелдиев, башкы адис;
Элдияр Кудабаев, окуу борборунун башчысы;
Татьяна Черникова, башкармалык жетекчиси.
Катышуучулар өз жумуштарына байланышкан темада презентация жасап, аны коргошу зарыл болгон. Жыйынтыгында 1-орунду Ташполот Беккелдиев, 2-орунду Элдияр Кудабаев, 3-орунду Асел Токтакунова ээледи. 1-орунга 10 миң сом, 2-орундун ээсине 7 миң сом, 3-орундун ээсине 5 миң сом акчалай сыйлык берилди.