Бишкекте 31-август - Эгемендүүлүк күнү ири масштабда белгиленди. Борбордук "Ала-Тоо" аянтына миңдеген шаардыктар чогулуп, майрамдык ыр-бийдин күбөсү болушту. Эртеси аталган аянттан 143 куб таштанды чыгарылганын мэрия кабарлады. Тазалоо иштери майрам күнү саат 23:00дө башталып, таңкы 5те аяктаган. Бошогон бөтөлкө, кагаз кутуча өңдүү калдыктарды 65 жумушчу тазалаганы айтылды.