Активист Атай Садыбакасов өзүнө карата коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты. Муну активист бүгүн, 2-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады. "Түндө мени менен тааныш адам байланышты. Анын айтымында, Рапопорт аллеясындагы дарактардын кыйылышы боюнча менин жакындагы онлайн-активдүүлүгүмө нааразы болгондор бар экен. Эгер оозумду жаппасам, мени менен "эсептеше" тургандыктарын жеткирди. Булар Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга байланышы бар адамдар болушу мүмкүн. Аларга менин "Кыргызстанга туристтерди тартуу аракетине салым кошконун баалабаганым, көп айлык эмгегин урматтабаганым" жана башкалар себеп. Биздин мамлекеттик кызматкерлер алардын ишине байланышкан суроо бергениң үчүн коркутууга киришкенине ишенгим келбейт. Эгер бул чын эле ошолордун чечими болсо, абдан өкүнүчтүү",- дейт активист.
Эскерте кетсек, Садыбакасов жакында Рапопорт аллеясындагы дарактар кыйылып, анын ордуна Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата унаа токтотмо курулуп жатканын айтып чыккан болчу.