Бүгүн, 2-сентябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Роза Акназарова Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган фильмдерди көп тартууну сунуш кылды.
Анын айтымында, кинорежиссёрлорго улуттук фильмдерди тартуу боюнча талаптар коюлушу керек.
"Курманжан датка” фильми чыгып, чоң сыймык жаратып жатат. Улуттук фильмдин эң чоң пайдасы - кыргызды дүйнөгө таанытуу. Ал фильмдер 100 пайыз мамлекеттик бюджеттен каржыланышы керек. Мен Маданият министрлигинен суранып кетем, кинематографисттерди колдоо боюнча мыйзамга ылайык тартылып жаткан фильмдерге талап койгула. Туризмди өнүктүрүүгө багытталган кинолорду тартуу боюнча талап койгула. Туризм менен жай-кыш дебестен алектениш керек. А бизде 2 ай туристтерди кабыл алабыз да, ошол бойдон токтойт".
Андан сырткары балдарга арналган улуттук мультфильмдерди чыгаруу керектигин кошумчалады депутат.