Кыргызстанда 2020-жылга чейин "илимдин кандидаты", "илимдин доктору" деген илимий даражаны калтыруу менен бирге жаңы кирип жаткан эл аралык PHD системин дагы өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору өкмөткө сунушталды. Муну парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 2-сентябрдагы жыйынында Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдырахман Мавлянов билдирди. Долбоордо аспирантураны гана калтыруу, ал эми илимдин кандидаттыгына изденүүчү болууну алып салуу сунуш катары киргизилгени айтылды. Мындан ары медициналык, ветеринардык жана юридикалык багыттар боюнча илимий даражага ээ болууну каалоочулардын баштапкы жогорку билими дагы ошол багыттарда гана болушу керектигин кошумчалады адис.
Жыйында акыркы убактарда корголуп жаткан кандидаттык иштер менен докторлук иштердин сапатынын начардыгы, кандидаттык менен докторлук даражаны жактоонун көргөзүлгөн мөөнөтү сакталбаган учурлар, айрым кызмат адамдары ошол кызмат орундарында иштеген маалда илимий даражага ээ болуу үчүн эмгек жазып, жактоого кандайча үлгүрүп жаткандыктары сынга алынды.
Вице-спикер Бөдөш Мамырова "илимий даражага ээ болгусу келгендер ээлеген кызматтарын өткөрүп, илимди терең изилдеп, анан жакташы керек" деген пикирин айтты.