Бүгүн, 2-сентябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинин астында өкмөттө жыйын өтүүдө. Ага вице-премьер-министрлер, министрлер, облустук администрациялардын башчылары жана шаар мэрлери катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Оторбаев: “Электр энергиясын үнөмдөөдө үч фаза менен үйлөрүн жылуулаткан абоненттерге тыюу салуудан башка жол жок. Быйыл Чүй облусу жана Бишкек шаары электр энергияны июль айына чейин чектен ашык колдонушту. Бишкек саатына 60 миллион киловатты ашыгы менен пайдаланды”,- деди.
Андан соң премьер-министр облус башчыларына үч фаза менен жылуулатылган ар бир үйгө барып пломба коюуну буюрду. “Эгер биздин буйруктарга көңүл бурбай, баш тарта берсеңер, кыш мезгилинде элге кыйын болот. Айта кетсем, жаңы лимит киргизүү боюнча да өкмөт токтом даярдап жатат”,- деп кошумчалады ал.