Феруза Жамашева Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун төрагалар кеңешмесине катышууда

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын IX кеңешмесине катышууда. 3-5-сентябрда өтүп жаткан иш-чарага Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытайдын өкүлдөрү, ШКУнун башкы катчысы Д.Ф.Мезенцев, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директорунун орун басары Т.Д.Мусабаев, БУУнун Террорчулукка каршы комитетинин аткаруучу директору Жан-Поль Лаборд жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун судьялары катышып жатышат.

Кыргыз делегациясынын курамына Жогорку Соттун судьясы Жамалкан Исакова жана Бишкек шаардык сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов киришти.

Отурумдун жүрүшүндө соттордун ишмердигин баалоо, аны жакшыртуу маселелери, судьяларды тандоо жана дайындоо, сот адилеттигинин ачыктыгы, сот өндүрүшүндөгү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча бир катар практикалык маселелер талкууланат.  

Ошондой эле террорчулук менен күрөшүүдөгү Жогорку Соттордун судьяларынын ролу дагы каралмакчы. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын укуктун үстөмдүгүн биргелешип алдыга жылдыруудагы өз ара аракеттешүүнү жана өнөктөштүктү күчөтүү, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоо максатында биргелешкен билдирүүсүнө кол коюусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан