Тергөөнүн сапатын жакшырта турган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынында “КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды. Сунушталган мыйзам долбоору тергөөнүн сапатын жакшыртуу жана жазык процессине тартылган катышуучулардын кызыкчылыгын коргоо максатында иштелип чыккан. Мындан сырткары долбоор жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын чыңдоого, коррупция жана башка коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүнү күчөтүүгө көмөк болору айтылууда.

Мыйзам долбоорунда кылмыш жөнүндө арыздарды он күндүк мөөнөттө чечүүгө мүмкүн болбосо, прокурор тарабынан бир айга чейин мөөнөттү узартууну караган норма киргизилет. Дайындалган экспертизанын корутундусу даяр болбосо, кызматтык тергөөнүн, ревизиянын жыйынтыгы чыкпай жатса жана башка учурларда тергөөчүлөр ушундай жагдайларга шилтеме жасап иш козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып жатышканы жана бул мыйзамга ылайык келбей турганы белгиленүүдө. 

Талкууда ар кандай шылтоо менен кылмыш ишин козгобой создуктуруп келген жагдайга бөгөт коюлуп, бир айдын ичинде кылмыш иши козголору долбоордо көрсөтүлгөнү айтылды. Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан