Таласта окуучуга мыйзамсыз күбөлүк бергени үчүн мектеп кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Талас облусунда мектеп окуучусуна 9-классты аяктаганы тууралуу күбөлүктү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Башкы прокуратура билдиргендей, Бакай-Ата районунун Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин кызматкерлерине карата 31-августта кылмыш иши козголду. Алар "кызматтык шалаакылык", "документтерди жасалма жол менен даярдоо" жана башка беренелер боюнча айыпталышууда. Маалыматка таянсак, 2013-жылдын июнунда Э.Ж. аттуу мурунку мугалим менен Т.К. аттуу жарандын сүйлөшүүсүнөн кийин жасалма түрдө Н.Ж. аттуу окуучуга 9-классты аяктаганы боюнча күбөлүк берилген. Бул үчүн алар 15 миң сом "кызмат акы" алышкан. Аталган жасалма документ менен Н.Ж. Талас шаарындагы Экономикалык колледжге тапшырып, окууга үлгүргөн. Факт боюнча Талас ОИИБи иликтөө жүргүзүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан