Новопавловка айылынын тургундары Ак үйдүн алдына депутат Туратбек Мадылбековго каршы митингге чыгышты

Бүгүн, 3-сентябрда депутат Туратбек Мадылбековго нааразы болгон Сокулук районундагы Новопавловка айылынын 30га чукул тургуну Ак үйдүн алдында митинг өткөрүштү. Акцияга чыккандар президент Алмазбек Атамбаевден маселеге көңүл буруп коюуну өтүнүшүүдө.

Алардын бири Рита Караева SUPER.KG порталына буларды билдирди: “Депутат Туратбек Мадылбеков бажасы менен Новопавловка айылындагы бала бакча, кеңсе жана клубду менчикке өткөрүп алганы үчүн чыгып жатабыз. Кайрып беришин талап кылабыз. Буга чейин да бир топ эле бийлик бутактарына кайрылдык, бирок эч кандай чара көрө албай коюшту. Эми президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө кайрылып жатабыз. Бирок азырынча президенттик аппараттан да биздин үнүбүздү угам деп чыккан киши жок”.

Акцияга чыккандар депутат айылдын менчигинде турган бул мүлктөрдү мындан бир топ жыл мурун менчиктештирип алганын кошумчалашты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан