Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков коррупцияга каршы күрөштө бийликтин эле эмес, элдин да жоопкерчилиги болушу керектигин эскертти. Депутат бүгүн, 3-сентябрда “Парламент” радиосунун түз байланышында болду. Угармандардын бири "Мыйзамдар кембагалдар үчүн эле иштейби?" деген суроо берип, миллиондогон сомдорду уурдагандар кармалып, кайра бошотулуп жаткан фактыларды мисал келтирди.
Турсунбеков жеп-ичкендердин жаман көрүнгөнүнө, алардын ар кандай тоскоолдуктарына карабай, азыркы бийлик бир топ коррупциялык иштерге каршы күрөштү улантып жатканын айтты. Буга чейин судьяларга, депутаттарга, министрлерге каршы кылмыш иши козголбой келгендигин белгилеген депутат мыйзам бузуп кармалгандардын жакындары, тууган-туушкандары аларды бошотуу талабын коюп, бийликти опузалап жатканын кошумчалады. “Эл өзү ушинтип жатса, коррупцияга каршы күрөш солгундап жатат да. Андыктан коррупция менен күрөшүүдө жеке эле бийлик эмес, элдин да жоопкерчилиги болуш керек”,- деди ал.