Путин менен Порошенко Донбасстагы согуштук аракеттерди токтотууну макулдашты

Украина президенти Пётр Порошенко өлкөсүнүн чыгышындагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча буйрук кылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда чет элдик ММКлар жарыялашты. Порошенко мындай чечимди Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганы айтылды.

"Президент Пётр Порошенко Орусия лидери менен телефон аркылуу пикир алышты. Эки тарап Украинадагы кризисти талкуулоодо Донбасстагы кагылышууну токтотуу режими боюнча чечимге жетишишти” деп айтылат маалыматта. 

Бүгүн Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: "Мамлекет башчылары телефон аркылуу Украинанын түштүк-чыгышындагы кагылышууну кантип токтотуу боюнча ой бөлүшүштү. Украинанын түштүк-чыгышында кан төгүүнү тез арада толук токтотуу боюнча пикирлери дээрлик бирдей болду",- деп билдирген.

БУУнун маалыматына караганда, Украинанын түштүк чыгышындагы согуштук аракеттерден 2,5 миң адам көз жумса, 6 миңдей адам жаракат алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан