Баткенде эртең, 4-сентябрда чек ара боюнча кыргыз-тажик делегациялары жолугушат

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 3-сентябрда Баткен облусуна учуп кетти. Вице-премьер эртең Ак-Сай айылында чек ара маселеси боюнча вице-премьер Муродали Алимардон жетектеген тажикстандык делегация менен жолугушуу өткөрөт. Тараптар Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Исфара - Ворух унаа жолдорун бир мезгилде куруу иш-чарасына катышмакчы. Өкмөттөн билдиришкендей, ушул эле учурда Кулунду - Максат жолундагы эки көпүрөнүн курулушу да башталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан