Японияда өкмөт курамы өзгөрдү

3-сентябрда Япониянын премьери Синдзо Абэ өкмөттүн курамын өзгөртүп, беш министрликтин жетекчилерин алмаштырды. Алардын бешөө тең аялдар. Калган министрлер өз ордуларында калышты. Япониянын маалымат булактары, бул аракет Синдзо Абэнин 2012-жылдан берки эң алгачкы реформага болгон аракети экенин жазышты.

Маалыматтарда “Синдзо Абэ өлкөнүн активдүү аялдарына кеңири мүмкүнчүлүк берип, социалдык, саясий аренага тартуунун аракетин көрүп жатат. Ал 2020-жылга чейин аялдар жогорку  кызматтардын үчтөн бир бөлүгүн ээлеши керектигин айтууда”, - деп жазылат.   Жаңы курамда мурдагы премьер Кэйдзо Обутинин кызы Юко Обути да бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан